CA-NEWS (UZ)-Өзбекстан чет өлкөлүк туристтерге бирдиктүү туристтик визаны 3 эсе арзан тариф менен киргизди,  аны алуу мөөнөтү дагы азайган - деп жергиликтүү маалымыт каражаттары билдирди.

4-декабрда Өзбекистандын Президенти Шавкат Мирзиеев “Өзбекистан Республикасынын Консулдук тариф жыйымдарын өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, чет өлкөлүк жарандарга бирдиктуү туристтик виза 30 күндүк иштөө мөөнөтүнө берилет. Буга чейин, чет өлкөлүк жарандар 7 же 15 күндүк эле виза ала алышкан. Буга байланыштуу, күч-мажорлук абал түзүлгөн учурда визаны узартууда көйгөйлөр пайда болот.

Мындан тышкары, кирүүчү туристтик визаны каттоо наркы 60 доллардан 40 долларга төмөндөгөн. Топтук туристтик визаны каттоо үчүн мурда эң аз 10 киши керек болгон, бул кыйынчылыктарды жаратчу, анткени, көпчүлүк учурда топптор бири-бирин жакшы тааныган тааныштардан жана туугандардан куралып, негизинен 5 жана андан көп кишиден түзүлгөн.

Бир турист үчүн 15 күнгө топтук визанын наркы 15 долларды, 30 күнгө 25 долларды түзөт.