02.04.20
Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна ун жана медициналык каражаттарды гуманитардык жардам катары жиберди. Бул тууралуу, Turmush маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандан жалпысынан 17 вагон гуманитардык жардам келген, алардын бир вагонунда медициналык каражаттар болгон. Булар 7 миң даана атайын медициналык кийим, 220 респиратор, алардын 20 даанасы N95 үлгүсүндөгү респиратор, 20 миң кол кап, 500 атайын көз айнектер, 200 пирометр жана 2 миң коронавирустун бар экендигин аныктоочу тест системалары.
Жардамды кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев, Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

 https://centralasia.media/news:1607939