09.04.20
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына күнү, Өзбекстандан коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүү үчүн 18 вагон ун жана медициналык каражаттар камтылган гуманитардык жардам жеткирилди деп билдирет Тажик Телеграф Агенттиги (ТажикТА).

Тажикстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: "Өзбекстандан келген вагондордо миң тонна ун, антисептикалык жана дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык халаттар, медициналык кол каптар, маскалар, бахилалар, респираторлор, медициналык көз айнектер бар" - деп айтылат.
Өзбекстандан келген гуманитардык жардамды тосуп алууга, Тажикстандын вице-премьер министр Азим Иброхим жана Саламаттыкты сактоо министри Насим Олимзода катышты.
Эскерте кетсек, буга чейин Американын өкмөтү Тажикстанга коронавирус (COVID-19) пандемиясына каршы күрөшүү үчүн 868,923 доллар өлчөмүндө каражат бөлгөн.

https://tajikta.tj/ru/news/v-pomoshch-tadzhikistanu-uzbekistan-napravil-18-vagonov-s-mukoy-i-medsredstvami