17.04.20

17-апрель күнү, онлайн режиминде өткөн телеконференция учурунда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ташкент облусуна караштуу Зангиата районунда, “Ташкент Фарма Паркы” («Tashkent Pharma Park») инновациялык илимий-өндүрүштүк фармацевтикалык кластеринин курулуш иштеринин башталгандыгын жарыялады. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Буга чейин, Ташкент облусуна караштуу Зангиата районунда жалпы аянты 79 гектар жер тилкеси курулуш иштери үчүн бөлүнүп берилген болучу. Фармацевтикалык парктын курулушу келечекте 14 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу аркылуу, 1700 жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Фармацевтикалык паркта, академиялык жана илимий борборлор дагы жайгашат. Ошондой эле, Фармацевтикалык техникалык университетин  түзүү дагы пландалууда.

Мындан тышкары, жаңы курулуп жаткан фармацевтикалык паркта, дүйнөнүн  алдыңкы дары-дармек өндүргөн фармацевтикалык компанияларынын өндүрүштүк базалары дагы  жайгашмакчы.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, фармацевтикалык паркта жайгашкан,   илимий изилдөө жана билим берүүчү борборлорун финансылык жактан, Түштүк Кореяга тиешелүү “Эскимбанк” аттуу банкынын, экономикалык өнүгүү боюнча кызматташтык фонду тарабынан узак мөөнөткө берилген насыя менен каржыланат.

https://centralasia.news/6506-v-uzbekistane-nachato-stroitelstvo-tashkent-farma-parka.html