Өзбекстанда Кыргыздын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусунда айтылды.

Белгилүү болгондой, маданият күндөрүн өткөрүү 2018-жылдын башына пландалып, Кыргыз-Өзбек элинин дипломатиялык мамилелеринин негизделгенине 25 жыл толгонуна арналат.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Кыргыз өлкөсүндө Өзбекстандын маданият күндөрү болуп өткөн. Анда "Узбекистан", "Навбахор" бий ансамблдери, Өзбекстандын эл артисттери Озодбек Назарбеков, Зулайхо Бойхонова, Мунаджат Юлчиева, Гүлсанам Мамазоитова; Эмгек сиңирген артисттер Алишер Турдиев, Юлдуз Турдиева, Женисбек Пиязов, Улугбек Рахматуллаев жана башкалар өз өнөрлөрүн тартуулашкан.