01.05.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Ташкент өкүлчүлүгү 2020-жылдын 30-апрель күнү, Өзбекстанга гуманитардык жардам көргөздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Улуттук инновациялык саламаттыкты сактоо палатасынын басма сөз кызматы  билдирди.

Өзбекстанга Түркия тарабынан берилген гуманитардык жардамда, дарыгерлер үчүн 5000 даана ар түрдүү жеке коргонуучу каражаттар бар болучу. Аларга: вирустан коргоочу көз айнектер, маскалар, колкаптар жана атайы бут кийимдер кирет.

Келген гуманитардык жардамдарды, Өзбекстанга өткөрүп берүү учурунда, Түркия Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Мехмет Сурейя Эр мырза, Өзбекстандын өкмөтү тарабынан коронавирустун жайылышын ооздуктоодо өз убагында көрүлгөн кечиктирилгис чаралардын натыйжасында өлкө ийгиликке  жетишкендигин  белгилеп өттү.

https://www.gazeta.uz/ru/2020/05/01/turkey/