03.06.20

Түркияга таандык «Aksa Energy» компаниясы, Өзбекстандын Ташкент шаарында кубаттуулугу 240 МВт болгон, газдан электр энергиясын алуучу станциясын курууну ишке ашырмакчы. Бул инвестициялык долбоор, «Aksa Energy» компаниясы жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлиги менен кол койгон келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Учурдагы коронавирус илдетинен келип чыккан белгилүү бир кыйынчылыктарга карабастан, «Aksa Energy»  компаниясы станциянын курулушун бир жылдын ичинде бүтүрүүгө ниеттенүүдө. Ишти тездетүү үчүн компаниянын айрым адистерин башка өлкөлөрдөн Өзбекстанга алып келүү пландаштырылууда, деп билдирди «Дунё» маалымат агенттиги.

«Aksa Energy» компаниясы газдан  электр энергиясын алуучу станциясын кургандан кийин 25 жыл бою иштетмекчи. Өзбекстан  тарап, станцияны жаратылыш газы менен камсыз кылуу жана станция иштеп чыккан электр энергиясын сатып алуу кепилдигин өзүнө алмакчы.

https://pv.uz/ru/news/turetskaja-kompanija-postroit-v-uzbekistane-gazovuju-elektrostantsiju