12.06.20

Өзбекстандын «UzAuto Motors» компаниясы, Россиянын базарларында «Chevrolet Spark», «Nexia» жана «Cobalt» үлгүсүндөгү автоунааларын сатуу иштери башталгандыгын жарыялады.

Ушул жылдын 15-июнь күнү, «General Motors» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында, «UzAuto Motors» компаниясы, Россияда массалык түрдө «Chevrolet» маркасындагы автоунааларын сатууну баштаганы жөнүндө жарыялаган. Россиялык сатып алуучу кардарлар «Chevrolet Spark», «Nexia» жана «Cobalt» маркасындагы автоунааларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу, компаниянын басма сөз кызматы билдирген.

«General Motors» жана «UzAuto Motors» компанияларынын ортосундагы макулдашууга ылайык, ушул эле үлгүдөгү автоунаалар Беларусь жана Казакстандын базарларында сатыкка чыгарылмакчы. Сунушталган автоунаалардын баалары маркасына карата, 9 миң 960 доллардан 10 миң 670 долларга чейин бааланат.

http://kant.kg/2020-06-15/uzbekistan-nachal-prodazhi-chevrolet-spark-nexia-i-cobalt-v-rossii/