16.06.20

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги тарабынан даярдалган долбоорунун негизинде, Өзбекстандын Түркмөнстан менен чектешкен Кунград районунда "Кунград" эркин экономикалык зонасын түзүү сунушталууда.

Мындан тышкары, ошол эле долбоордун алкагында, ушул эле сыяктуу эркин экономикалык соода аймагын, Кыргызстан менен чектешкен Анжиян облусунун Хожаабад районунда да ачуу пландалууда.

Аймактардын иштөө мөөнөтү 30 жылга чейин созулуусу керек деп болжонууда, керек учурда дагы мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Эркин экономикалык зоналар, өлкөлөр ортосундагы товарларды өз ара алмашуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, дүң жана чекене сооданын күчтөнүүсүнө, заманбап эл аралык жана регионалдык деңгээлде өнүгүүсүнө, чек арага жакын аймактарда логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жандануусуна өбөлгө болоору белгиленген.

Эркин экономикалык зонасы бир эле учурда эркин бажы (таможня) аймагы да болуп эсептелмекчи. Мисалы, эркин экономикалык зонанын аймагына  ташылып келген товарлар, Өзбекстандын бажы аймагынан тышкары жерде жайгашкан деп эсептелинет. Ошондой эле, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын жарандары эркин экономикалык зоналарынын аймагында 5 күн визасыз жүрө алышат.

https://turkmenportal.com/blog/28210/uzbekistan-nameren-otkryt-na-granice-s-turkmenistanom-zonu-svobodnoi-torgovli