20.07.20

Өзбекстандын Джизак автомобиль заводу “Volkswagen Caddy” маркасындагы тез жардам унааларын өндүрүп баштады. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Узавтосаноат» автокомпаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Унаалар коронавирус илдети күчөп, бүткүл өлкө ага каршы катуу күрөшүп жаткан маалда, калкка кызмат кылуу үчүн иштелип чыккан. Бейтаптарга ыкчам жардам көрсөтүүгө салым кошуу үчүн Volkswagen Caddy үлгүсүндөгү тез жардам унаалары кийинки жумадан тартып алдыңкы сапка чыгышат” – деп айтылат маалыматта.

Тез жардам унааларын мединалык талаптарга ылайыктап жабуу иштерин, жергиликтүү «Turin Invest Engineering» компаниясы ишке ашырат.

Мындан тышкары, жакында эле Самаркан автомобиль заводу “Isuzu D-Max” маркасындагы жүк ташуучу унаанын базасында 27 даана тез жардам унаасын өндүрүп, Ташкент шаарына жеткирип берген болучу.

Тез жардам унаасынын жаңы модели, Самаркан автомобиль заводунда 2020-жылдын май айынан бери чыгарыла баштаган болучу. Тез жардам унаалары,  сапаттуулугу  жана үнөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Бардык унаалар Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык жабдылат.

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/v-uzbekistane-nachnut-vypusk-avtomobiley-skoroy-pomoshchi-na-baze-volkswagen-caddy-pervaya-partiya-p/