11.09.20

Өзбекстанда “Nike” жана “Adidas” бренддеринин бут кийимдерин өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев Review.uz басылмасына берген маегинде билдирди.

Фахриддин Бобоев: «Биздин базарга кирүү тууралуу “Nike” жана “Adidas” компаниялары менен макулдашуу бар. Спорттук бут кийимдерди өндүрүү Анжиян облусунда жөнгө салынат. Биргелешкен “SinoInternational” заводунда, дүйнөгө белгилүү бренддин 3 миллион даана бут кийимин чыгарууну пландап жатабыз», - деп билдирди.

Фахриддин Бобоев Өзбекстан сапаттуу булгаарынын жетиштүү көлөмүнө жана кыйла арзан жумушчу күчкө ээ экенин белгилеп, бул артыкчылыктарды Өзбекстанда иштеген белгилүү дүйнөлүк бренддерди көбөйтүү үчүн пайдалануу керектигин кошумчалады.

https://kyrgyztoday.org/ru/news_ky/ozbekstanda-nike-zhana-adidas-but-kijimderi-ondurulot/