18.09.20

Өзбекстан Түштүк Корея менен жогорку технологиялуу онкологиялык борбор курат.

Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, борбор Ташкентте Балдардын улуттук медициналык борборунун аймагында салынат. Бул жерде медициналык университет да иштей баштайт.

16-сентябрда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шодмонов Түштүк Корея медициналык ассоциациясынын илимий-иликтөө комитетинин төрагасы Чой Чже Ук менен жолугушкан.

Жолугушууда медициналык университет менен онкологиялык борбор Түштүк Корея менен болгон кызматташуунун алкагында түзүлөөрү, мындай жол менен илим жана тажрыйбаны алдыңкы стандарттардын деңгээлине көтөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Тараптар мындан тышкары коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо маселелерин жана жогорку медициналык технологияларды эффективдүү колдонууну күчөтүү маселесин дагы талкуулашты.

http://kg.kabar.kg/news/zbekstan-koreia-menen-zhogorku-tekhnologiialuu-onkologiialyk-borbor-kurat/