29.09.20

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада,  Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө учурунда өкмөт башчылары, эки өкөнүн ортосундагы товар алмашууну жакынкы жылдары 1 миллиард долларга жеткирүү керек экендигин белгилешти. Бул тууралуу,  Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Абдулла Арипов: “Азыркы учурдагы эки тараптуу товар алмашуу, биздин мамлекеттердин чыныгы потенциалына туура келбейт. Биз анын көлөмүн арттырышыбыз керек. Ал үчүн бизде баардык шарттар бар”-деп билдирди.

Өкмөт башчыларынын белгилөөсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы  товар алмашуунун көлөмү өсүп жатат. Тагыраак айтканда, акыркы үч жылда 2,4 % пайызга өсүш болгон. Пандемия шартына карабастан, эки тараптуу соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 4,3% пайызга өсүп 317 миллион долларды түзгөн.

Жолугушуу учурунда, мындан тышкары соода-экономикалык,  транспорт-коммуникация, энергетика, маданий-гуманитардык, айыл чарба жана суу   тармактарындагы кызматташтык боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

https://uz.sputniknews.ru/economy/20200929/15079901/Tadzhikistan-i-Uzbekistan-namereny-narastit-tovarooborot-do-1-mlrd-.html