20.10.20

Өзбекстан 2021-жылы, саламаттык сактоо тармагына 1,9 миллиард доллардан ашык каражат коротот. Анын ичинен, 290 миллион доллар коронавирус менен күрөшүүгө, 174 миллион сум дары-дармекке жумшалат. Бул тууралуу, 19-октябрь күнү мамлекеттик бюджеттин параметрлерин талкуулоо учурунда айтылды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кийинки жылдын бюджетин пландоо учурунда, пандемия жана дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүн эске алуу керек экенин белгилеген.

Пандемия шартында, социалдык тармактардын чыгымын быйылкы жылга салыштырмалуу 15% пайызга көбөйтүү пандалууда.

Билим берүү министрлигине жылдагыдан 16% пайызга көбүрөөк каражат бөлүп берүү каралууда. Алгачкы ирет мектептерди интернет түйүнүнө кошуу үчүн 9,6 миллион доллар жана атайын жабдууларды сатып алуу үчүн 19,2 миллион доллар бөлүнөт.

Жакырчылыкты кыскартуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериле турган социалдык жөлөк пул эки эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, жетим балдарды үй менен камсыздоого 2,9 миллион доллар жумшалат.

http://kg.kabar.kg/news/kiiinki-zhyly-zbekstan-koronavirus-menen-k-r-sh-g-290-mln-dollar-b-l-t/