22.10.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, товарын экспортко чыгарган ишканаларга жардам ирээтинде, $100 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат порталы билдирет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “Бүгүн мен, экспортко товарын чыгарып саткан ишканаларга жардам берүүнү кеңейтүүгө багытталган жарлыкка кол койдум. Мындан кийин, ушундай ишканаларга атайы түзүлгөн фонд аркылуу, мамлекет тарабынан акча каражаттары бөлүнүп турат. Бул акча каражаттары, ишканаларга товарын башка өлкөлөргө үзгүлтүксүз сатууга жардам бермекчи”-деп билдирди өлкө башчысы.

Мамлекет башчысынын билдиришинче, 2020-жылдын акыркы 9 айынын ичинде, автоунааларды экспорттоо 1,5 эсеге, электротехникалар 1,3 эсеге, текстиль продуктулары өндүрүү 16% пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле өлкө башчысынын айтымында, кайра иштетүү тармагы 3% пайызга, электротехникаларын өндүрүү 25% пайызга, темир казып алуу 7% пайызга, курулуш материалдарын өндүрүү 6% пайызга көбөйгөн.

Жыйынтыгында, өлкө казынасына 1,9 триллион сум ашыкча акча каражаты (профицит) келип түшкөн.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-vydeliaet-100-mln-na-podderzhku-eksporterov/