27.10.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26- октябрь күнү, бир нече курулуш объектилеринин долбоорлору менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстанда, 2020-жылы айыл жерлеринде 12 миң даана жана шаарларында 18 миң даана имараттардын курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан учуру.

Белгилей кетчү нерсе, ушул жылы Сардобан суу сактагычында болуп өткөн кырсыктан улам колдонулуудан чыккан имараттардын ордуна, кыска убакыт аралыгында, (Сырдарыя облусуна караштуу Сардобин жана Мирзаабад райондорунда) беш кабаттуу 86 даана имараттардын курулушу аягына чыгарылган болучу.

Жогорудагы имараттардын курулуш иштерин тез арада бүтүрүү жана муктаж болгон жарандарды батир менен камсыз кылуу тапшырмасын мамлекет башчысы берген болучу.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев,  курууга сунушталып жаткан курулуш объектилеринин долбоорлорун колдой тургандыгын билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы, мындай беш кабаттуу үйлөрдү Өзбекстандын калкы жыш жайгашкан райондорунун бардыгында куруу керек экендигин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Ташкент техникалык мамлекеттик университетинин заманбап окуу жана практикалык иш чаралар жүргүзүлүүчү имаратынын курулуш долбоору менен таанышып чыкты.

https://centralasia.news/7844-prezident-mirzieev-oznakomilsja-s-novymi-stroitelnymi-proektami.html