26.11.20

Өзбекстан калкты коронавирус илдетине  каршы вакцина менен камсыз кылууга багытталган долбоорду ишке ашырууга белсенип жатат. Бул тууралуу, “uzreport” маалымат кызматы билдирди.

Бул долбоорду  өлкөнүн президентинин “Биотехнология тармагын комплекстүү өнүктүрүү жана биологиялык коопсуздук” аттуу буйругунун негизинде  ишке ашырылмакчы.  Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 53 миллион доллар жумшалмакчы.

Бир гана вакцина өндүрүү гана эмес заманбап коопсуз вакцинанын жаңы түрүн иштеп чыгууга ыңгайлашкан лабораториянын курулушу дагы пландалган. Аны курууга 8 миллион доллар коротулмакчы.

Долбоор ишке ашырылып бүткөндөн кийин, өлкө өзүнүн калкын коронавирус жана башка илдеттерге каршы вакцина менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

https://www.ritmeurasia.org/news--2020-11-26--uzbekistan-sozdast-sobstvennuju-ploschadku-po-proizvodstvu-vakcin-za-53-milliona-52067