CA-NEWS (UZ) -  2017-жылдын 30-декабрь жана 1996-жылы 4-сентябрында макулдашылган Өзбекстан Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосундагы Эл аралык автоунаа байланыш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирди.

Бул тууралуу Өзбекстан тышкы-иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Эл аралык автоунаа байланышы боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу келишимге Кыргызстан менен Өзбекстандын 2017-жылдын 6-октябрында Ташкентте кол коюшту.

Протокол өкмөттөр аралык келишимдин аткарылуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү менен транспорттук байланыш тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, тараптар мамлекеттеринин аймагында эркин транзиттик режимди камсыз кылат, жана "Ташкент - Андижан - Ош –Эркештам- Кашгар"унаа каттамы боюнча транспорттук жүк ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүнү убадалашышты.