10.12.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү туризм жана спорт тармагын өнүктүрүүгө жана келерки жылы аткарыла турган иштерге байланышкан жыйын өткөргөн. Бул тууралуу, “Тренд” басылмасы президенттин басма сөз кызматынын маалыматына таянып жазып чыктты.

Жыйын учурунда, туризм тармагын пандемиядан кийин кайрадан калыбына келтирүү жана келечекте жасалуучу иш пландары талкууланды.

2021-жылы өлкөгө 1,7 миллион чет элдик жана 7,5 миллион жергиликтүү туристтерди тартуу планы бар экендиги айтылды. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүү тармагынын кирешесин 370 миллион долларга жеткирүү дагы каралган.

Өлкөдө көптөгөн иуда, будда жана мусулман дининде ыйык деп эсептелинген жайларынын көп болгондугуна байланыштуу. Өзбекстанда туризм тармагынын түрлөрүнүн ичинен “зиярат туризми” (паломнический туризм) келечектүү экендиги белгиленди.

Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жылына туризмдин бул багыты боюнча 700 миң турист тартууга болот. Ошондой эле аларды тейлөөдөн 130 миллион доллар пайда табуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жогорудагы пландарды ишке ашыруу үчүн этабы менен Европа, Малазия, Индонезия, Пакистан, Таиланд, Япония мамлекеттерине “зиярт туризм” (паломнический туризм) тармагына тиешелүү болгон аба каттамдарын ачуу керек экендиги президент тарабынан белгиленди.

http://kabar.kg/news/aviasoobshchenie-uzbekistana-s-evropoi-planiruetsia-vozobnovit-s-2021-goda/