04.01.21

Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Пакистан менен Өзбекстанды байланыштырган “Транс-Афганистан” темир жолун куруунун долбоорун жактырды.

Эл аралык каржы уюмдары, бул долбоорго 4,8 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу, “Anadolu” маалымат агенттиги билдирди.

Пакистандын премьер-министринин соода жана инвестиция боюнча кеңешчиси Раззак Довуддун айтымында, Имран Хан 2020-жылдын 29-декабрь күнү, эл аралык уюмдарга кат жолдоп анда долбоорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырган. “Anadolu” маалымат агенттиги тараткан маалыматта: “Жогорудагы катка кол коюуга, Өзбекстандын Транспорт министринин милдетин аткаруучу Илхом Махкамов дагы катышкан. Мындан тышкары, буга чейин ошол эл аралык уюмдарга жолдонгон катка Афганистан жана Өзбекстандын президенттери дагы кол коюшкан” - деп айтылат билдирүүдө.

Раззак Довуд долбоордун шарттары Өзбекстан менен макулдашылганын, Афганистан тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди.

Раззак Довуд: “Мен 2021-жылдын январь айында Өзбекстанга иш сапары менен барууну пландап жатам. Долбоор биздин экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө кызмат кылат деп ишенем”, - деп кошумчалады ал.

Пакистандын Транспорт министри Азам Хон Сват мырза, курула турган темир жол жүргүнчүлөрдү жана товар ташуу үчүн колдонула тургандыгын жарыялады. Буга чейин, Пакистан Кытай менен экономикалык коридорду түзүү максатында 2,655 километр узундуктагы темир жолун куруу иштерин баштаган, деп жазат “kun.uz” маалымат агенттиги.

Президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн парламентине кайрылуусунда, Борбордук Азияны Индия океаны менен байланыштырган “Транс-Афганистан” транспорттук коридорду куруунун алгачкы кадамдары жөнүндө билдирүү жасаган болучу.

https://knews.kg/2021/01/04/utverzhden-proekt-stroitelstva-transafganskoj-zheleznoj-dorogi-mezhdu-pakistanom-i-uzbekistanom/