01.02.21

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков  жана Түштүк Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министри  Хон Нам Ки мырзанын ортосунда, 2021-жылдын 25-январь күнү видео конференция форматында жолугушуу болуп өттү.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында, Өзбекстан жана Түштүк Корея  медицина жана химия тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар негизги документтерге кол коюшту. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстан жана Түштүк Кореялык “Өзбекстан менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү фондусунун (EDCF)” ортосунда, 2021-2023-жылдарга карата бир нече инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган кызматташуу программасын ишке ашыруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Анын негизинде, саламаттыкты сактоо, фармацевтика, билим берүү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө $ 1 миллиард доллар акча каражаты жумшалмакчы.

Мындан тышкары, Түштүк Кореянын “Эксимбанкы” менен жалпы суммасы 164 миллион долларды түзгөн насыя келишимине кол коюлду. Бул каражат, жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында бөлүнүп берилет. Алынган бул каражатка, чоңдор үчүн көп тармактуу медициналык борбору, Ташкент шаарында “Илимий изилдөө жана долбоорлоо институту” жана “Химиялык технологиялар борборун” түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Курула турган көп тармактуу медициналык борбордун базасында, 300 орундуу жогорку технологиялык хирургиялык бөлүмдөр орун алмакчы. Ал медициналык борбордо, жылына кеминде 8,500 миң жогорку технологиялуу хирургиялык операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары,760 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Түштүк Корядан алынган каражатка курула турган “Химиялык технологиялар борборунун” базасында, илимий-изилдөө комплекси түзүлөт. Анын негизги милдети болуп, өлкөнүн өнөр жайынын потенциалын жогорулатуу максатында, колдо болгон жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана химия өнөр жайы тармагына заманбап технологияларын колодонууну киргизүү болуп саналат.

Ошондой эле эки тараптуу көрүшмөнүн алкагында, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги менен Түштүк Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосунда, санариптештирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Жаңы меморандумдун алкагында, Өзбекстанда “акылдуу инновациялык фабрикалар”, “акылдуу фермалар” жана “акылдуу шаарларды” куруу, саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү  жана адам ресурстарын өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталмакчы.

Эскерте кетсек, Түштүк Корея Өзбекстандын эң ири инвесторлордун бири болуп саналат. Өзбекстандын статистикасы боюнча, Түштүк Кореянын Өзбекстандын экономикасына салган инвестициясынын жалпы көлөмү 7 миллиард доллардан ашты. Түштүк Кореялык өнөктөштөрдүн катышуусунда өлкөдө 880 ашуун ишкана иштеп жатышат.

http://www.arfi.ru/news/index.php?SECTION_ID=3&ID=71972