08.02.21

Өзбекстанда “Chevrolet” маркасындагы автоунаалары  чыгарылып  баштамакчы. Бул маркадагы  унааларды өндүрүү иштерин “УзАвтомоторс”  заводу ишке ашырмакчы.

2018-жылы “УзАвтомоторс” заводу мамлекеттик “Узавтосаноат” компаниясынын менчигине өткөн болучу. Азыркы учурда, аталган завод “General Motors” бренди менен болгон туруктуу кызматташуусу, Өзбекстандык автомобиль өндүрүүчүлөрдүн иш аракеттерине оң таасирин тийгизүүдө.

Учурда заводдун инженерлери, заманбап “Chevrolet” моделиндеги унааларды жасоо үчүн өндүрүш линияларын модернизациялоо иштерин жүргүзүшүүдө. Өндүрүлгөн автоунааларды дүйнөлүк базарга чыгарып сатуу дагы  болжонууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылына 60 миң автоунаа чыгаруу пландалууда.

http://centralasia.media/news:1680647/?from=portal&place=nowread&b=2