10.02.21

Түштүк Кореялык “Hanshin Engineering & Construction Co., Ltd” компаниясы, Өзбекстандын Самарканд облусунун аймагында 800 миллион долларга бааланган, эл аралык класстагы гольф комплексин курууну пландап жатат.

Комплекстин курулушу тууралуу, Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчиси Виталий Фен аталган өлкөнүн “Hanshin Engineering & Construction Co., Ltd” компаниясынын төрагасы Чой Ёнг Сон мырза менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

“Hanshin Engineering & Construction Co., Ltd” компаниясынын башчысы жалпы суммасы 800 миллион доллар турган, Самарканд облусунда заманбап эл аралык класстагы гольф комплексин куруу долбооруна токтолуп. Бул инвестициялык долбоордун алкагында, аянты 270 гектарга жерге заманбап гольф аянтчасын курууну пландап жаткандыгын билдирди. Комплекстин ичинде, келген коноктор үчүн турак жайлар (194 гектар), эл аралык мектеп (6 гектар), соода, көңүл ачуучу жана көргөзмө комплекси (7 гектар), заманбап көп кабаттуу турак жай комплекси (55 гектар) жана башка  инфраструктуралык имараттардын курулушу дагы  пландаштырылган.

Компаниянын жетекчилигинин айтымында, бул долбоорду ишке ашырылса, Самарканд шаарынын туристтик потенциалын кыйла кеңейтмекчи.

Долбоорду түз инвестиция эсебинен жүзөгө ашыруу пландалып жатканы белгиленди. Чой Ёнг Сон  2021-жылдын 12-19-февраль күндөрү, Өзбекстан тарап менен жигердүү сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн компаниянын башкы аткаруучу директору Чой Мун Гю баштаган делегацияны Өзбекстанга  атайы көрүшмө үчүн бара тургандыгын билдирди.

https://kapital.uz/golf-in-samarkand