19.02.21

Өзбекстанда дүйнөнүн алдыңкы “Nike” жана “Adidas” компаниялары тарабынан спорттук бут кийимдердин (кроссовка бренддерин) өндүрүү иштери башталат. Бул тууралуу, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Андижан облусунда курулган бут кийим комбинаты, 2021-жылдын 4-чейрегинде ишке киргизилип, алгачкы продукциясын өндүрүп  баштамакчы. Ал эми,  2022-жылдын 3-чейрегинде толук кубаттуулукта иштей баштайт деп белгиленет маалыматта. Комбинат жылына 3 миллион жуп спорттук бут кийим (кроссовка) чыгарат деп күтүлүүдө.

Комбинаттын курулушу үчүн Анжиян облусунун Асака районунан бир гектар жер бөлүнүп берилген.

“Sino International” компаниясы долбоордун инвестору болуп саналат. Учурда чет элдик инвестор комбинаттын курулушуна 6 миллион доллар инвестиция салган. Дагы 12 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатат.

Өндүрүлгөн продукциянын 50% пайызы Борбордук Азия өлкөлөрүнө, 30% пайызы эл аралык жарманкелерге катышуу аркылуу башка өлкөлөргө экспорттолот жана 20% пайызы ички рынокто сатылат деп күтүлүүдө.

https://centralasia.media/news:1683486