05.03.21

Маркетингдик изилдөө менен алектенген “Research and Market” уюму, дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда пахта өндүрүү, керектөө, экспорттоо жана импорттоо боюнча алдыңкы жети өлкө көрсөтүлгөн.

Ал мамлекеттердин ичинде, пахта өндүрүү боюнча рейтингде Өзбекстан 6-орунду ээлеген. Бул тууралуу,  “Uzreport.uz” маалымат кызматы билдирди.

Ал уюмдун иликтөөсүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчү боюнча, лидер өлкөлөрдүн тобуна Индия, Кытай, Америка, Бразилия, Пакистан жана Түркия кирген. Дүйнөдө пахта керектөөнүн көлөмү боюнча, Өзбекстан 7-орунда турат. Алдынкы орундарда болсо Кытай, Индия, Пакистан, Бангладеш, Түркия жана Вьетнам өлкөлөрү бар.

Изилдөөгө ылайык, пахтаны экспорттоо боюнча Америка лидерлик кылат. Себеби, Америкада текстил өнөр жайы жакшы өнүккөн эмес. Ошондой эле рейтингде Бразилия, Индия, Австралия, Бенин, Греция жана Кот-д'Ивуар өлкөлөрү дагы пахтаны экспорттогон мамлекеттердин катарына киришкен.  Ал эми, пахтаны импорттоп алган өлкөлөрдүн сап башында Кытай, андан кийин Бангладеш, Вьетнам, Түркия, Пакистан, Индонезия жана Индия мамлекеттери ээлешкен.

http://kg.kabar.kg/news/zbekstan-pakhta-nd-r-boiuncha-d-in-d-altynchy-orundu-eeledi/