08.03.21

“Kitco” аналитикалык борбору 2020-жылы алтын өндүрүү боюнча алдыңкы 10 алтын кендеринин тизмесин түзгөн. Өзбекстандын Навои облусунда жайгашкан “Мурунтау” алтын кени экинчи жыл катары менен рейтингдин биринчи сабын ээлеген. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Өткөн 2020-жылы аталган борбордун билдиришинче “Мурунтау” кенинде 2 миллион унция (56,7 тонна) алтын өндүрүлгөн.

Айрым эксперттер 150 миллион унциядан ашуун ресурстук запасы бар “Мурунтау” алтын кени,  жакынкы келечекте дүйнөдөгү эң ири алтын кени катары өз наамын сактап калат деп эсептешет.

“Мурунтау” алтын кенин 1958-жылы советтик геофизиктер Юрий Мордвинцев жана Петр Храмышкин тарабынан ачылган.  Бул жерде алтын казуу иштери 1969-жылы башталган болучу.

Экинчи орунду болсо 1,6 миллион унция (45,4 тонна) алтын өндүргөн Америкага таандык “Карлин” кени алган. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, тизмедеги алтын өндүргөн кендердин ичинен 2020-жылы “Карлин” кени алтын өндүрүүнү 27% пайызга көбөйтүүгө жетишкен бирден бир кен болгон.

Рейтингде үчүнчү орунду Россиялык “Олимпиада” алтын кени ээлеген. Анын өндүрүгөн алтыны 2020-жылы 1,2 миллион унцияны (34 тонна) түзгөн. Бул көрсөткүч  2019-жылга салыштырмалуу 14% пайыга аздык кылат.

Эскерте кетсек, алтын Өзбекстандын жалпы экспорттунун негизги бөлүгү болуп саналат. Анын үлүшү 2020-жылы Өзбекстандын экспортунун 44% пайызын (2019-жылы - 35% пайыз болгон)  түзгөн.

https://podrobno.uz/cat/economic/mestorozhdenie-muruntau-v-uzbekistane-vtoroy-god-podryad-stalo-mirovym-liderom-po-dobyche-zolota-/