09.03.21

Өзбекстанда электромобил унаалары 2025-жылы “UzAuto Motors” заводунда чыгарылып  баштамакчы. Себеби, ички рынокто электр унааларына муктаждык бар болгондуктан, өлкө жектекчилиги өзүнүн заводунда  электромобил унааларын өндүрүп  баштоо чечимине келген. Бул тууралуу, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Автоунаа чыгаруучу “UzAuto Motors” компаниясы инновациялык унааларды өндүрүүнүн концепциясын учурда иштеп чыгууда.

Жакынкы  төрт жыл аралыгында, “UzAuto Motors” компаниясы бир топ маселелерди чечиши керек. Мисалы, эң биринчи кезекте, электр унааларынын батарейкаларын кубаттоочу керектүү инфраструктураны түзүүгө кам көрүлүшү керек.

https://live.kg/akipress-kg/92802/