19.03.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда 19-март күнү, Ташкент шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы болуп өттү.

Сесиянын жүрүшүндө 2021-2022-жылдар аралыгында, өнөр жай тармагында 11,3 миллиард долларга бааланган 1000 ашуун инвестициялык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгы жана   анын натыйжасында 52 миң жаңы жумуш орундарынын пайда болуусу күтүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылы Ташкен облусуна караштуу Кибрай районунда, Түркиялык компания тарабынан берилген 450 миллион доллар көлөмүндөгү түз инвестициянын эсебинен жалпы кубаттуулугу 710 мегаватт болгон 2 жылуулук электр станциясы иштеп баштай тургандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары, Ташкен облусуна караштуу Бостанлык районунда жалпы кубаттуулугу 540 мегаватт болгон эки гидроэлектростанцияларын (ГЭС) куруу пландаштырылып, ага 1 миллиард 48 миллион доллар инвестиция тартылган.

Мамлекет башчысы Ташкент облусунун чиновниктерине  14 жаңы чакан өнөр жай зоналарын түзүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Ошондой эле мамлекет башчысы аянты 16 миң гектарды түзгөн жүзүмзар бакчаларын  түзүү  зарыл экендиги баса белгилеп өттү.

https://sng.today/tashkent/16201-uzbekistan-zaplaniroval-sozdat-52-tysjachi-novyh-rabochih-mest.html