24.03.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-март күнү, Хорезм облусуна расмий иш сапары менен келди. Мамлекет башчысы мурда пландаштырылган жалпы суммасы 1,320 миллиард долларды түзгөн 812 даана долбоорлор менен таанышып чыкты. Анын 273 даанасы өнөр жай тармагында, 277 калкка кызмат көрсөтүү жаатында, 262 долбоор айыл чарба тармагында ишке ашырылат. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шавкат Мирзиёев облустун жооптуу кызматкерлерине аймактын жашоочуларын жаңы жумуш орундары менен камсыз кылып, жогорудагы  тармактарды ар тараптуу өнүктүрүүнү тапшырды.

Президент Хорезм облусунда өстүрүлүп жаткан пахтаны кайра иштетүүнүн деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган соң, жип өндүрүүнүн кубаттуулугун 104 миң тоннага, кездеме өндүрүү  49 миң тоннага, даяр кийимдерди  152 миллион (штук) даанга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысынын айтымында, инвестициялык долбоорлордун жардамы менен курулган ишканалар 2021-жылы өлкөнүн бир нече райондорунда иштеп башташмакчы.

Мамлекет башчысы автомобиль өнөр жайын өнүктүрүү боюнча айтып жатып, импорттун ордун алмаштырууга баасы 20 миллион долларды түзгөн 6 даана долбоорду ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгын билдирип өттү. Бул ишканалар автоунаалардын кузовдук тетиктери жана запастык бөлүктөрүнүн жүзгө жакын түрүн чыгаруу менен алектенишмекчи.

Мындан тышкары, президентке быйыл азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, тиешелүү тармактар ​​2020-жылга караганда 151 миң тонна мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көп өстүрүүнү пландаштыргандыгын маалымдалды. Ошондой эле, ишке ашырылып жаткан 20 даана долбоор ири жана майда малдын санын көбөйтүүгө, 24 даана долбоор канаттууларды өстүрүү жана 8 даана долбоор балык чарбасын кеңейтүүгө багытталгандыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, Шавакат Мирзиёев өлкөнүн бардык облустарында жана райондорунда жумушсуздукту жоюу үчүн ар тараптуу иш чараларды алып барууда.

https://sng.today/tashkent/16263-v-uzbekistane-zaplanirovali-realizovat-812-proektov-na-summu-1320-mlrd-dollarov.html