05.04.21

Иран Өзбекстанга дүйнөлүк базарларга жана ачык деңизге транзиттик жол ачып бере  ала турган өлкө болуп саналат. Мындай билдирүүсүн Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф мырза 5-апрель күнү, Ташкент шаарында өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен болгон жолугушуудан кийин жасады.

Бул тууралуу,  “IRNA” маалымат агенттиги билдирди. Өзбекстан Ирандын тышкы иштер министринин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапарынын алкагында барган биринчи өлкө болуп калды.

Ирандын Тышкы иштер министри жумушчу иш сапарынын алкагында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен дагы жолугушту.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык кызматташуу, соода байланыштарын өнүктүрүү жана жаңы кызматташтык долбоорлорун илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-коммуникациялык чөйрөдөгү өз ара кызматташууларын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анын ичинде, Ирандын деңиз портторун натыйжалуу пайдалануу жана “Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Оман” транспорттук коридорун өнүктүрүүгө өзгөчө токтолушту.

Өзбекстандын президентине караштуу, Стратегиялык жана аймактар ​​аралык изилдөө институтунун маалыматы боюнча, өткөн жылы коронавирус пандемиясына карабастан, Иран багыты боюнча транзит 5% пайызга, темир жол транспорту менен товар ташуу 31% пайызга көбөйгөн.

Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ирандын тышкы иштер министри, Ташкент шаарында курулуп жаткан “Ислам Цивилизациясы Борборуна” барды. Анын курамында музей, көргөзмө залдары, чоң китепкана, архив, маалымат технологиялары борбору, кол жазмалар, каллиграфия, ислам мурастары, кол жазмаларды калыбына келтирүү лабораториясы жана бөлүмдөрү кирет.

Эскерте кетсек, Ирандын тышкы иштер министри Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга, Казакстанга жана Түркмөнстанга дагы бармакчы.

https://turkmenportal.com/blog/35683/iran-predlozhil-uzbekistanu-tranzitnyi-put-na-mirovye-rynki