13.04.21

Өзбекстан жана Россия учак куруу жаатында биргелешкен долбоорлорду талкуулап жатышкан учуру. Тактап айтканда, тараптар Совет доорунда Ил-76, андан кийин Ил-114-100 маркасындагы учактарын  чыгарган “Чкалов” атындагы мурдагы “Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесин” кайрадан жандандырууну көздөп жатышкан учуру.

Россиялык “Ростек” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов айтымында, бүгүнкү күндө “Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесин” иштебей турат. Бирок аны жандандыруу үчүн  баардык шарттар бар экендигин билдирди.

Ал эми Россиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун айтымында, Россия Өзбекстандын студенттерин учак куруу багытында окутуу үчүн атайын программа даярдаган. Программага ылайык жыл сайын жүзгө  жакын студенттер Россиядан билим алышмакчы.

http://www.infoshos.ru/ru/?idn=27187