08.04.21

Түркия жана Өзбекстан өз ара пайдалуу  соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышат.

Бул тууралуу, Түркиянын Соода министрлигинин башчысы Рухсар Пекжан Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Рухсар Пекжан эки өлкө маданий, тарыхый жана бир туугандык мамилелерге негизделген стратегиялык кызматташтыкты жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Түркиянын Соода министрлигинин башчысы 2020-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода алакаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк болгонун эске салып жана анын Өзбекстанга боло турган иш сапары мамилелерди мындан ары дагы чыңдала тургандыгына ишенерин билдирди.

Рухсар Пекжан Өзбекстанга пландалган иш сапарында аны жогорку кызмат адамдарынан турган делегация коштоп бара тургандыгын билдирди.

Түркиянын Соода министрлигинин башчысы Рухсар Пекжан: “Биздин максатыбыз экономикалык мамилелерди өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир туугандык жана достуктун деңгээлине жеткирүү болуп саналат. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү азыркы учурда 2 миллиард долларды түзөт”, - деп билдирди.

Рухсар Пекжан айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин директиваларына ылайык, бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Рухсар Пекджан “Өзбекстан-Түркия” тегерек стол жыйынына катышат, ошондой эле Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы Муроджон Азимов менен жолугушмакчы.

https://www.aa.com.tr/ru/2201973