20.04.21

Өзбекстандын “Global Export” компаниясы Өзбекстандын Франциядагы элчилигинин жана Экспортту илгерилетүү агенттигинин жардамы менен белгилүү француз компаниясы “Bonduelle” компаниясына буурчактын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу “UzNews.uz” маалымат сайты билдирди.

“Global Export” Өзбекстандагы бирден бир   товарларды экспорттко чыгаруу боюнча иш алып барган компания болуп эсептелет. Компаниянын  жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында, Франция рыногуна Өзбекстандын айыл чарба продукцияларын экспортто иштерин  баштады.

Өзбекстандын Европа Бирлигинин  “GSP+”, бенефициар статусуна ээ болгондугуна байланыштуу,  “GSP+” системасынын алкагында, “Global Export” компаниясы буурчак өсүмдуктөрүнөн тышкары башка айыл чарба продуктуларын Франциянын рыногуна алып чыгып сатууну пландап жатат.

Эскерте кетсек, Франциялык “Bonduelle” компаниясы 1853-жылы негизделген. Компания  жашылчаларды кайра иштетүү, консервалоо жана тоңдуруу, ошондой эле даяр салаттарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

https://uznews.uz/ru/article/30571/