27.04.21

Өзбекстан жаратылыш кендерин геологиялык чалгындоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарын азайтуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүүнү пландаштырууда.

Жогорудагы коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын президентинин “Геология, өнөр жай ишканаларын трансформациялоо жана өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын кеңейтүү жаатында инвестицияларды активдүү тартуу боюнча кошумча чаралар” аттуу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу, Өзбекстандын өкмөтүнө караштуу “Lex.uz” маалымат порталы билдирди.

Жарлыка ылайык, "Узбекгеологоразведка" жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) геология тармагында   иштеп жаткан жети уюмду өзүнүн алдына бириктирет. Аларга: “Кизилкумгеология”, “Самаркандгеология”, “Сурхонгеология”, “Хисоргеология”, акционердик коомдору, “Центральная лаборатория”  жана “Геобуртехника”, “Ташкентгеология” мамлекеттик ишканалары кирет.

“Узбекгеологоразведка” акционердик коомунун башчылыгы алдында түзүлгөн бул ишканалар, өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү жана көбөйтүү боюнча мамлекеттик программалардын алкагында, геологиялык чалгындоо иштерин тейлөө милдети жүктөлгөн.

Мындан тышкары, бийлик тарабынан геологиялык чалгындоонун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, ошондой эле эл аралык  рынокко чыгууну жогорулатуу үчүн санарип технологияларын киргизүү дагы пландалган. Азыркы учурда, өкмөт тарабынан  “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун жаңы редакциясы даярдалууда.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Өзбекстанда пайдалуу кендердин запасы 5,7 триллион долларга бааланган. Өзбекстан пайдалуу кендердин кээ бир маанилүү түрлөрүнүн запасы боюнча дүйнөдө он лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Дүйнөдө алтындын запасы боюнча 5-орун, урандын запасы боюнча 12-орун, жездин запасы боюнча  8-орун, калий тузунун запасы боюнча 4-орунду ээлейт. Ошондой эле Өзбекстан алтын өндүрүү боюнча дүйнөдө  10-орун жана уран өндүрүү боюнча 7-орунду орунду ээлейт. Өзбекстанда жалпысынан  2 миңден ашык баалуу кендердин запасы  табылган.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-planiruet-aktivizirovat-privlech-investitcii-v-sferu-geologii/