01.05.21

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри  Сардор Умурзаков 29 апрель күнү, Дүйнөлүк банктын (ДБ) Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Дүйнөлүк банк (ДБ)  менен Өзбекстан мамлекетинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата өз ара аракеттенүүнүн жаңы программасын иштеп чыгууну жана мындан аркы кызматташуунун форматын аныкташты. Ошондой эле жалпы наркы 1,7 миллиард долларды түзгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессин тездетүү жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу, аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Сардор Умурзаков Дүйнөлүк банктын (ДБ) өкүлүнө 2030-жылга чейин тикелей чет элдик инвестицияларды тартуу стратегиясын иштеп чыгууда көрсөткөн техникалык жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Бул документ, өлкөнүн негизги тармактарына чет элдик инвестициялардын агымын көбөйтүү боюнча практикалык иш-чараларды аныктоого арналган. Ал 3 этап менен ишке ашырылат.

Тараптар Өзбекстанда ири масштабдуу социалдык-экономикалык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жигердүү темпин канааттануу менен белгилешти. Өткөн 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, Дүйнөлүк банк (ДБ) төмөнкү багыттар боюнча алты долбоорду каржылоону жактырган болучу. Аларга суу менен камсыздоо, айыл чарба индустриясы, инновациялык өнүгүү, рыноктук реформаларды алга жылдыруу жана коронавируска каршы күрөшүү сыяктуу жалпы наркы 1,6 миллиард долларын түзгөн долбоорлор болуп эсептелет.

Сүйлөшүүнүн аягында Дүйнөлүк банктын өкүлү Бьерде ушул жылдын май айында, Өзбекстанга Дүйнөлүк банктын делегациясы менен барууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Буга байланыштуу, тараптар алдыдагы иш сапардын күн тартибин аныктоо үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык аспектилери боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү макулдашышты.

https://centralasia.news/9507-uzbekistan-i-vsemirnyj-bank-osuschestvjat-proekty-na-summu-17-mlrd-dollarov.html