04.05.21

Өзбекстандын Энергетика  инвестиция жана тышкы соода министрлиги  жана Сауд Арабиясына таандык “ACWA Power” компаниясы, шамалдан электр энергиясын алуучу станциясынын долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Өзбекстандын Каракалпакстан чөлкөмүндө 1500 мегават (МВт) кубаттуулуктагы шамалдан энергия алуучу электр станциясынын долбоору даярдалып  жана анын курулушу ишке ашырылмакчы.

Станция ишке киргизилгенден кийин, Борбор Азия чөлкөмүндө жана дүйнөдөгү эң ири шамалдан энергия алуучу станция болуп калмакчы.

“ACWA Power” компаниясынын жетекчиси Мохаммад Абунайян: “Бул долбоор сиздердин өлкө үчүн дагы бир маанилүү жетишкендик болуп саналат жана “ACWA Power” компаниясынын Өзбекстан сыяктуу тез өнүгүп келе жаткан мамлекет менен иштешүүсү, анын табияттан энергия алууга болгон максаттарына жана туруктуу өнүгүүсүнө жардам берет”-деп билдирип өттү.

Өзбекстандын Энергетика  инвестиция жана тышкы соода министринин орун басары Шерзод Ходжаев: “Энергия өндүрүүчү өлкө катары биз, Жакынкы Чыгыштан жана айрыкча саудиялык өнөктөштөрдөн көп нерсени үйрөнүп жатабыз. “ACWA Power” компаниясынын долбоору бул процессте өзүнүн чоң салымын кошот. Биздин план боюнча 2030-жылга чейин 25% пайыз электр энергиясын табигый (шамалдан, күндүн нурунан) булактардан өндүрүү болуп эсептелет”, - деп билдирип өттү.

Шамалдан энергия алуучу электр стациясы курулуп бүткөн соң, болжол менен 4 миллион үй-бүлөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын канааттандырып, жылына болжол менен 2,5 миллион тонна көмүр кычкыл газын бөлүнүп чыгуусун алдын алат деп күтүлүүдө.

Акыркы жылдары энергияга  өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн табигый энергия булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнү бир кыйла көбөйтүү максаттарына түздөн-түз салымын кошот.

Долбоор Өзбекстан өкмөтүнүн энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан стратегиялык реформаларга ылайык, өлкөнүн энергетикалык балансын диверсификациялоо боюнча аракеттерин колдоого багытталган.

Эскерте кетсек,  “ACWA Power” компаниясы ошондой эле Бухара жана Навои шаарларында ушул жылдын башында курулган, 1000 мегават (МВт) кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрүү боюнча эки долбоордун инвестору болуп саналат. Мындан тышкары, Сауд Аравиялык компаниясы Сырдарья облусунда кубаттуулугу 1500 мегават (МВт) кубаттуулуктагы жогорку натыйжалуу газ менен иштөөчү электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.

https://www.aa.com.tr/ru/%