22.05.21

2021-жылдын январь-апрель айларында Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,32 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Бардыгы болуп, экспорт 3 миллиард 482 миллион долларды түзгөн (2020-жылдын январь-апрель айларына  салыштырмалуу 19,1% пайызга төмөндөө байкалган), ал эми импорт - 6 миллиард 840,4 миллион долларды түзгөн (өсүш 7,0% пайыз болгон).

Өзбекстандын тышкы соода экономикалык байланышы тыгыз болгон 20 ири өнөктөш өлкөлөрдүн ичинен Түркия,  Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан, Канада жана Иран сыяктуу алты өлкө менен өзгөчө  соода мамилеси бар. Ал эми, калган 14 өлкө менен тышкы соода жүгүртүүнүн пассивдүү балансы сакталып турат.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстан дүйнөнүн 156 өлкөсү менен соода мамилелерин жүргүзүп жаткан учуру. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (20,5%), Россия (17,8%), Казакстан (11,8%), Түркия (9,3%), Түштүк Корея (4,8%), Кыргызстан (2,4%)  жана Афганистан (2,3%) мамлекеттерине туура келет.

http://kabar.kg/news/vneshnetorgovyi-oborot-uzbekistana-dostig-10-32-mlrd/