23.08.21

Өзбекстандын 2021-жылдын январь-июль айларынын аралыгында Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 351,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин өткөн жума күнү жарыяланган отчетунда белгилүү болду. Түркмөнстан Өзбекстандын ири соода өнөктөшү болгон  алдыңкы тизмедеги он  өлкөнүн бири болуп саналат.

Маалыматка ылайык, өткөн 2020-жылдын ушул мезгилинде эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 298,4 миллион долларды түзгөн.

2020-жылдын январь-июль айларында, Өзбекстан жалпысынан 250,9 миллион долларга бааланган, Түркмөнстанда өндүрүлгөн товарларды импорттоп алган болучу. Ошол эле учурда Өзбекстандын  Түркмөнстанга болгон экспорту 100,9 миллион долларды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын жети айында, Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 21,56 миллиард доллардан ашкан. Бул көрсөткүч 2020 -жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,98 миллиард долларга же 10,1% пайызга өсүш берген.

Ошондой эле  Өзбекстан 2021-жылдын январь-июль айларынын аралыгында башка негизги өнөктөштөрү Кытай (4 миллиард доллар),  Россия (3,73 миллиард доллардан ашык), Казакстан (2,22 миллиард доллардан ашык), Түркия (1,87 миллиард доллар), Корея (1 миллиард доллардан ашык), Кыргызстан (508,1 миллион доллар), Германия (410,9 миллион доллар), Афганистан (406,4 миллион доллар) жана Украина (334,6 миллион доллар) соода алакаларын жасаган.

https://business.com.tm/ru/post/7488/turkmenistanozbekistan-ticaret-hacmi-temmuzda-352-milyona-yaklasht%C4%B1