04.10.21

Акыркы бир нече жылда, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсеге өстү. Бул тууралуу, Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков “Өзбек-түркмөн” экономикалык форумунун жүрүшүндө билдирди.  Бул тууралуу “Sputnik”  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Дүйшөмбү күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында, “Өзбек-түркмөн” экономикалык форуму өз ишин баштады. Иш-чарага эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Сардор Умурзаков жана Эсенмурад Оразгелдиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сардор Умурзаков белгилегендей, бул жылы Өзбекстан Европа Биримдигинин ВСП + преференциялар системасынын бенефициары болуп калды. Мунун негизинде, Өзбекстан  Европага 6 миңден ашуун түрдүү товарларын бажы төлөмүсүз импорттоого мүмкүндүк алды. Вице-премьердин айтымында, эки өлкөнүн ишкерлери биргелешип бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өнөр жайын жана экспортту өнүктүрө алыша тургандыгын белгилеп өттү.

Ал ошондой эле акыркы бир нече жылдын ичинде, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсе көбөйгөнүн, ал эми ушул жылдын сегиз айында эле 25% пайызга өскөнүн айтты.

Расмий статистикага ылайык, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 527 миллион доллар, ал эми ушул жылдын январь-август айларында 418,1 миллион долларды түзгөн.

Ошондой эле  2021-жылдын алгачкы сегиз айында, эл аралык товар ташуулардын  көлөмү 13,5% пайызга өскөн. Ашхабад келишимине ылайык, өлкөлөр ортосунда субрегионалдык Россия-Казакстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Оман-Индия жана Кытай-Борбор Азия-Каспий-Түштүк Кавказ-Европа транспорт коридорлорун түзүшүүдө. Эки өлкө мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып чет мамлекеттердин рыногуна түз кирип товарларын сата алышат.

Эскерте кетсек, “Өзбек-түркмөн” экономикалык форуму Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Өзбекстанга  расмий сапарынын алкагында Ташкент шаарында  өтүп жатат.

https://business.com.tm/ru/post/7676/tovarooborot-mezhdu-uzbekistanom-i-turkmenistanom-vyros-vtroe