11.10.21

Түркия Өзбекстанга 200 миң доза “Sinovac” коронавирус вакцинасын берет. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

“Sinovac” вакцинасы азыркы учурда Өзбекстанда колдонулуп жаткан вакциналардын бири болуп саналат. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында акысыз жардам көргөзүү боюнча келишимге кол коюлган болучу. Бул келишимге ылайык, Түркия Өзбекстанга короновирус илдетине каршы 200 миң доза вакцина, ошондой эле 20 миң куту “Фавипиравир” (200мг / 40 таблетка) дары дармегин жиберди.

Бул келишимге Өзбекстандын  Түркиядагы элчиси Алишер Агзамходжаев, ал эми Түркиянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Халил Элдемир кол коюшкан.
Вакциналардын жана медициналык дары-дармектердин бул партиясы, Түркиянын Өзбекстанга карата достук жана жакшы ниетинин белгиси болгондугу айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда коронавируска каршы “AstraZeneca”, “ZF-UZ-VAC2001”, “Спутник V”, “Moderna”, “Pfizer/BioNTech” вакциналары колнолууда. Учурда өлкөдө жалпы 22, 433 729 доза вакцина колдонулду. Ошондой эле 5,1 миллиондон ашык адам “COVID-19”га каршы толугу менен эмделди.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/11/turkey/