14.10.21

Өзбекстандын Навои облусунда жакынкы беш жылда 9 миллиард долларлык 2,2 миң инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана 75 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, 3,4 миллиард долларлык газ-химиялык кластер түзүлөт. Ошондой эле, 3 миллиард долларга бааланган жети электростанцияны ишке киргизүү пландалууда.

Текстиль өнөр жайында болсо, 120 ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 27 миң жаңы жумуш орундары, ошондой эле булгаарыдан бут кийим тигүү  боюнча 68 даана долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 13 миң жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

Ал эми тоо-кен тармагында 7 миңден ашуун адамды жумуш менен камсыз кыла турган 52 долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Жалпысынан алганда, алдыдагы беш жылда ишке кире турган өндүрүштүн эсебинен аймактык экспорттун көлөмү 6 эсеге, же болбосо  900 миллион долларга чейин өсүүсү күтүлүүдө.

Ошондой эле, ишкердикти колдоо менен биргеликте 70 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул үчүн ар бир аймака акимдин жардамчысы бекитилип, калкка уюштуруучулук жана каржылык колдоо көрсөтүлмөкчү. Үй-бүлөлүк ишкердик программаларынын алкагында жыл сайын 500 миллиарддан ашуун сум акча каражаты бөлүнмөкчү.

Келерки беш жылда, Навои облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө мамлекеттик бюджеттен 40 триллион сум бөлүнүп, жалпысынан 180 миң жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/64384