19.10.21

Өзбекстандын “Central Asia Motors” компаниясы ушул жылдын декабрь айынан баштап, Фергана облусунда Кытай маркасына таандык электромобилдеринин бир нече моделдерин өндүрүп, тестик режиминде сыноо иштерин баштамакчы.

Долбоордун баасы 50 миллион долларга бааланган, анын 40 миллион доллары түз чет элдик инвестициялар, 5 миллион доллары банктык кредит жана дагы 5 миллион доллары Өзбекстандык ишкерлердин каражаттары.

Долбоор бир нече этап менен ишке ашып, 2022-жылдын аягында толук кубаттуулукта иштеп баштамакчы. Толук кубаттуулукка жеткенде, жылына 10 миң даана электромобилдерди чыгаруу пландалууда. Ошол эле учурда, 300дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Декабрь айында,  төрт түрдүү  жеңил машиналардын моделдерин жана коммерциялык унаалардын сегиз моделин чыгаруу пландалууда.

Инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жетишсиздигин жана кубаттоочу станциялардын жоктугун эске алганда, биринчи этапта бардык моделдер гибрид болмокчу, башкача айтканда, алар электр жана бензин менен иштегенге жөндөмдүү болот.

Ошондой эле долбоордун негизинде, Ферганада арзан чакан унаалар, кроссоверлер жана  кичи автобустар дагы өндүрүлмөкчү.

https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1211593-uzbekistan-do-koncza-goda-naladit-proizvodstvo-elektromobilej.html