21.10.21

Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январынан сентябрына чейин 491,4 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 22,1% пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин шаршемби күнү жарыяланган маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде коңшу мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүү 382,8 миллион доллардан ашык болгон. Мындай көрсөткүчү  менен Түркмөнстан Өзбекстандын алдыңкы он ири соода өнөктөшүнүн бири болду.

Өзбекстан үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 354,5 миллион долларлык Түркмөнстандын продукциясын импорттогон. Ошол эле учурда, өлкөнүн Түркмөнстанга экспорту 136,9 миллион долларды түзгөн.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү учурда 28,2 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 680,4 миллион долларга же болбосо 2,5% пайызга өсүү байкалды.

Учурда Өзбекстандын эң ири тышкы соода өнөктөшү Кытай менен жалпы соода жүгүртүү дээрлик 5,4 миллиард доллар, анын ичинен экспорт 1,8 миллиард доллар, импорт 3,6 миллиард долларды  түзөт.

Учурда Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүү боюнча башка негизги өнөктөштөрү Россия (5,1 миллиард доллардан ашык), Казакстан (2,8 миллиард доллардан ашык), Түркия (2,43 миллиард доллардан ашык), Корея (1,37 миллиард доллардан ашык), Кыргызстан (дээрлик 682 миллион доллар), Германия (560 миллион доллардан ашык), Ооганстан (дээрлик 489 миллион доллар) жана Украина (451 миллион доллар) болду.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өзбекстан Түркмөнстан өкмөттөр аралык комиссиясы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында, Ташкентте өткөн 16-жыйында эки өлкөнүн соодасынын көлөмүн жакынкы аралыкта 1 миллиард долларга жеткирүүгө даяр экендигин билдиришкен болучу.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 527 миллион долларды түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/7744/tovarooborot-turkmenistana-i-uzbekistana-v-yanvaresentyabre-vyros-na-221