09.11.21

2021-жылдын алгачкы тогуз айында, Өзбекстанга 1,2 миллион чет элдик турист келген. Бул тууралу Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик, туристерге кызмат көрсөтүүдөн 273 миллион доллар өлчөмүндө киреше түшкөндүгүн маалымдаган.

2021-жылы туристтердин агымы Батыш Европанын, Американын жана КМШнын айрым өлкөлөрүндө күтүлгөндөн көп болду. Ал эми Индия, Япония, Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө болгон туристтердин агымынын азайгандыгы байкалган. Мунун негизги себеби, пандемиядан улам күчүндө болгон чектөөлөр менен байланыштуу. Маалым болгондой, быйылкы жылдын тогуз айында Өзбекстандын туризм бизнесин колдоого 6,5 миллиард сум (600 миң доллардан ашык) акча каражатын бөлүп берген.

https://centralasia.media/news:1742201