11.11.21

Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркия тарабынан Өзбекстанда 321 компания курулган. Түркия өзүнүн инвестициясы менен эң көп компания курган өлкөлөрдүн алдыңкы тизмесинен орун алды.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2021-жылдын 10 айында өлкөдө жалпы 1,808 компания чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен пайда болгон. Ал эми 1-ноябрьдан тарта алардын жалпы  саны  13, 283 жеткен.

Түркиядан кийинки кезекти Россия (296 ишкана  курган) ал эми үчүнчү орунду Кытай (219 ишкана курган) ээледи. Ошондой эле, Казакстандан келген инвестиция менен 166 ишкана жана Түштүк Кореянын инвестициясынын эсебинен 80 ишкана  курулган.

Чет элдик инвесторлор эң көп Ташкент, Самарканд, Сурхандарья жана Фергана шаарларына  кызыкдар болуп, өзгөчө саламаттыкты сактоо, өндүрүш, соода, маалымат технологиялары, курулуш жана айыл-чарба тармактарына инвестиция салышкан.

1-ноябрь күнү өлкөдөгү чет элдик капиталдын эсебинен курулган компаниялардын жалпы саны 13, 282 болуп, анын ичинде Россиялык капиталдын эсебинен жалпы 2,335 компания, Кытайдын  капиталынын эсебинен 1,942, Түркиянын капиталынын эсебинен 1,830 жана Казакстандын капиталынын эсебинен курулган компаниялардын саны 1,054  жеткен.

Эскерте кетсек, былтыр 2020-жылы Өзбекстанда чет элдик капиталдын эсебинен 1,490 ишкана курулган.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/turkiye-ozbekistan-da-en-cok-sirket-kuran-ulke-oldu/618cbf8001a30a707c7647aa