CA-NEWS (UZ) - Өзбекстандын Президенти Шавкат Мириёевдин демилгеси менен Ташкенттеги Чилинзар районунда курулуп жаткан мечитке шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун аты коюлат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Шавкат Мириёев жума күнү борбордогу курулуш объектилери менен таанышуу учурунда мечитке да зыярат кылды.

 “Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф (1952-2015) Өзбекстанда белгилүү илимпоз гана эмес, Ислам дүйнөсүнө таанылган инсан. Ал ыйык дин Исламдын пайдубалдарын изилдөө жана алга жылдыруу үчүн өз өмүрүн арнаган”, - деди президент.

1989-жылы, Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф, Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи болуп шайланган. Муфтий жаатында, көптөгөн эл аралык иш-чараларды түзүүгө, бир нече мусулман өлкөлөрү менен маданий жана билим берүү байланыштарын өнүктүрүүгө салымын кошкон.

Шейхтин ошол учурдагы Ислам Каримовдун Өкмөтү менен мамилеси келишпегендиктен, Ливияга эмиграцияда жашоого аргасыз болгон.

Анткени менен, Ташкенттеги жардыруудан кийин, 1999-жылы Муфтийдин авторитетин колдонуу максатында, президент Ислам Каримов ага коопсуздук кепилдигин берип, Ата Мекенине кайтып келүүсүн өтүнгөн.

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 2015-жылы, 10-март күнү, Ташкентте жүрөк оорусунан улам каза тапкан. Шейхтин жаназасында республиканын тарыхында болуп көрбөгөндөй адамдар катышкан, болжолдуу 200 миң эл күбө болгон.