19.11.21

Өзбекстан жана Түркмөнстан Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту аркылуу, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия-Европа” багыты боюнча жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө.

Бул маселе 18-ноябрь күнү, Өзбекстандын транспорт министринин орун басары Абдусамат Муминовдун жана Түркмөнстандын Темир жол    агенттигинин төрагасы Азат Атамурадовдун катышуусунда, видеоконференция форматында өткөн транспорт маселелери боюнча өзбек-түркмөн жумушчу тобунун жыйынында талкууланды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары, “Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Оман” эл аралык транзиттик-транспорттук коридорунун бардык катышуучулары менен Ашхабад келишими боюнча ишти активдештирүү талкууланды.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган чек ара бекеттеринин ишин кайра жандандыруу маселеси каралды.

Эскерте кетсек, “Азия-Тынч океан өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа” эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү маселеси 2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында макулдашышкан болучу.

http://russian.news.cn/2021-11/19/c_1310320604.htm