22.11.21

Өзбекстанда жергиликтүү ишканалардын биринде “нөлдөн баштап” иштелип чыккан “Qalqon” (“Калкан”) жеңил брондолгон унаасын сериялык чыгаруу башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, унаалар укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан уюштурулган бардык практикалык сыноолордон ийгиликтүү өткөн.
Министрликтин тараткан билдирүүсүндө: “Эксперттер  “Qalqon” (“Калкан”) брондолгон унаасы тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү куралдуу күчтөрдүн талаптарына жана таанылган эл аралык стандарттарга ылайык келерин тастыкташты”, - деп билдирет. Даяр болгон автоунаалар мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

“Qalqon” унаалары сегиз кишиге ылайыкташкан. Ал персоналды ташуу үчүн, жарадарларды эвакуациялоо үчүн жана ошондой эле, жүктөрдү жеткирүү, чалгындоо, шаарлардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Ташкент облусунун Нурафшан шаарында брондолгон машиналарды, атап айтканда “Qalqon” унааларын өндүрүү пландалып жатканы маалымдалган. Долбоор 55 миллион долларга бааланган.

https://centralasia.media/news:1744983/?from=portal&place=nowread&b=2