24.11.21

Өзбекстан 2022-2024-жылдар аралыгында чет элдик инвестициянын эсебинен келген 3 миллиард доллар өлчөмүндөгү акча каражатына, жалпы кубаттуулугу болжол менен 3000 (МВт) мегаватт болгон 10 даана күн жана шамал электр станциясын курууну пландаштырууда.

Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 22-ноябрь күнү өткөн жыйында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Глазгодо өткөн Эл аралык климат саммитинде Өзбекстан 2010-жылга салыштырмалуу 2030-жылга карата парник газдарынын үлүшүн  35% пайызга кыскартуу демилгесин жарыялаган эле.

Бул демилгенин алкагында күн жана шамал электр станцияларынын жалпы кубаттуулугун 2026-жылга чейин 8 000 (МВт) мегаваттка чейин жогорулатуу чаралары  көрүлмөкчү. Жыйында Өзбекстанда алгачкы күндөн энергия алган станция Навои облусунда август айында ишке киргизилгени белгиленди. Кийинки айда Самаркандда дагы бир ушундай станция пайдаланууга берилмекчи.

Ал эми келерки жылы Хорезм, Бухара, Кашкадарыя, Наманган жана Фергана облустарында жалпы кубаттуулугу 900 (МВт)  мегаватт болгон дагы 5 даана күн электр станцияларын куруу боюнча инвесторлордун тендери аяктамакчы.

https://centralasia.media/news:1745173