23.11.21

Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-октябрь айларында,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24% пайызга өсүп анын көлөмү 555,7 миллион долларды түздү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитети 19-ноябрь күнү жарыяланган отчетунда маалымдады.

Маалыматка ылайык өткөн жылдын ушул мезгилинде, Өзбекстандын коңшу өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 422 миллион доллардан ашкан. Муну менен Түркмөнстан Өзбекстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн ондугуна кирди.

Үстүбүздөгү жылдын он айында, Өзбекстан 404 миллион долларлга Түркмөнстандын продукциясын импорттоп алган. Ошол эле учурда, Түркмөнстанга болгон товарынын экспорту 151,5 миллион долларды түзгөн.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү учурда 32,6 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 миллиард долларга  (8,5% пайызга өскөн) жеткен.

Учурда Өзбекстандын эң ири тышкы соода өнөктөшү 6 миллиард доллардан ашык көрсөткүчү менен Кытай болуп келет, экспорт 2 миллиард доллардан ашса, ал эми импорт  4 миллиард доллардан ашкан.

Ошондой эле Өзбекстандын соода жүгүртүү боюнча башка негизги өнөктөштөрү Россия (5,9 миллиард доллар), Казакстан (3,16 миллиард доллардан ашык), Түркия (2,71 миллиард доллардан ашык), Корея (1,52 миллиард доллардан ашык), Кыргызстан (773,8 миллион доллар), Германия (625,2 миллион доллар), Украина (536,6 миллион доллар) жана Ооганстан (524,2 миллион доллар) болгон. Эскерте кетсек, 2020-жылы Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 527 миллион долларды түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/7887/tovarooborot-turkmenistana-s-uzbekistanom-v-yanvareoktyabre-vyros-na-24